Учурдагы педагогика
Wikipedia дан
Учурдагы педагогика илиминдеги методологиялык кризис жана андан чыгуу жолдору.
Асипова Н.А., КТМУ
Бүгүнкү күндү педагогика илими башка коомдук илимдер сыяктуу эле өткөөл мезгилге мүнөздүү болгон идеологиялык (кризисти башынан өткөрүп жатат. Мунун өзү кандайдыр бир мааниде законченемдүү көрүнүш десек болот, себеби бир коомдук өсүп-өнүгүш жолунан экинчи бир коомдук өсүп – өнүгүү жолуна өтүү ар дайым эскини тануу менен жаңы багыттарды белгилөө жана аларды коомдук тажрыйбада жайылтуу аркасында ишке ашат. Идеологиялык кризистин эң негизги себеби жана маңызы мурдагы социалистик коомго мүнөздүү өндүрүшкө болгон коомдук менчиктин азыркы шартка ылайыктуу болгон рыноктук (соода-сатык) мамилелери менен алмаштырылышында жатат. Социалистик өсүп-өнүгүүнүн өзөгүн түзгүп турган өндүрүшкө болгон коомдук мамиле, бардык мамилелердеги көпчүлүктүн азчылыкка болгон үстөмдүгүн, азчылыктын көпчүлүккө баш ийүүсүн, же жалпылап айтканда ар дайым жалпынын, коллективдин кызыкчылыгын жеке адамдын кызыкчылыгынан жогору коюууну талап кылган. Жеке адамдын керт башы, анын мүмкүнчүлүгү, ички мүдөөсү менен эсептешпөө кадыр эсе нормалдуу нерседей кабыл алынып келген. Мунун өзү адам кандайдыр бир чоң коомдук механизимдин «тетиги» гана дегендей мааниде каралып, аны менен эсептешпей койсо да болот деген пикир же мамиле үстөмдүгүн аныктаган. Демек, жеке адамдын коомдогу орду, анын кызыкчылыгы, мүдөөсү, ой санаасы менен эсептешпөө сыяктуу көрүнүш көнүмүш жагдай келип чыккан. Мунун натыйжасында таалим-тарбия процессинин максаты, мазмуну инсандын ички дүйнөсүнөн улам барган сайын алыстап, жалпыга тиешелүү жадатма алым-сабак көрүнүшкө айланган. Окутуу, тарбия процессинин руханий жана маданий мүмкүнчүлүктөрү төмөндөп, мугалим негизинен «сабак, билим берүүчү каражатка» айланып, анын коомдогу аткарган милдети жакырланып, мектеп турмушунун жалпы маданий, руханий деңгээли төмөндөп, тарбиянын гумандуулугу, инсанга багытталган мазмуну түшкөн. Мына ушулардын баары азыркы учурдагы таалим – тарбия процессинде көптөгөн карама каршылыктардын чечилбей жаткан проблемалардын бар экендигинен кабар берип турат. Бүгүнкү күндөгү педагогика илиминдеги карама-каршылыктардын орчундуулары катары төмөндөгүлөрдү белгилеп кетсек болот:
- инсандын тарбияланышына коюлган коомдук талаптар менен жалпы коомдук жагдай ортосундагы карама-каршылык;
- таалим-тарбия тажрыйбасынын тез, кыймылдуу өсүп-өнүгүшү менен анын теориялык жактан камсыз болушунун төмөндүгү;
- жалпы илимий-техникалык прогресстин күч алашы менен өсүп келе жаткан жаш муундардын жалпы билим деңгээлинин жана маданиятынын төмөндүгү;
- тарбиянын, билим берүүнүн максаты менен аларды ишке ашыруучу каражаттар, окутуу технологиялар ортосундагы карама-каршылыктар;
- мугалим жана окуучулардын жекече максаты менен ал максаттарга жетүү мүмкүнчүлүктөрүнүн ортосундагы карама –каршылыктар ж.б.
Аталган карама-каршылыктардын негизги себебин мурдагы окуу-тарбия системасына мүнөздүү болгон жалпы (коомдук) коллективдик кызыкчылыктын жеке кызыкчылыкка болгон үстөмдүгү, окуу-тарбия иштериндеги коомдук-саясий күрөш ыкмаларынын басымдуулугу (пионердик, комсомолдук чогулуштарга салып тарбиялоо, идеологиялык таасирдин күчтүүлүгү, партиялуулук принцибинин үстөмдүүлүгү ж.б), жалпы руханий жана гумандуулук баалуулуктардын маанисинин түшүшү, жана алар менен эсептешпөө сыяктуу орчундуу кемчиликтерди атоого болот. Жогоруда айтылгандарды жалпылоо менен бүгүнкү күндөгү педагогика илиминин өсүп-өнүгүшүнө мүнөздүү болгон кризистик көрүнүштөрдү белгилеп кетсек болот.
1. Педагогикалык процесстин жалпы маданий деңгээлинин төмөндөшү. Мунун натыйжасында окуу-тарбия ишинин жалпы руханий деңгээли төмөндөп, жада калса адабият, тарых, тил сабактарында дагы көбүн эсе татаал теориялык материалдар басымдуулук кылып, ал эми окуучунун ички дүйнөсүн козгогон адеп-ахлак, адамкерчилик түшүнүктөр прогграммалардын сыртында калган.
2. Советтик педагогикага мүнөздүү болгон идеологиялык принциптер басымдуулук кылып, натыйжада кайсы гана теориялык аныктамалар болбосун алар коомдук кызыкчылыктын ишке ашырылышын көздөп жана алардын окуулардын аң сезиминде терең орун алышына багытталган. Негизги идеологиялык принцип катары тарбияга болгон таптык мамиле эсептелинип, бардык максат социалистик типтеги адамды тарбиялоо максатын көздөгөн. Ушуга байланыштуу билимдин мазмунун аныктоодо сөзсүз түрдө коомдук жана мамилекеттик кызыкчылыкты жеке инсандык кызыкчылыктан жогору коюуу, укуктук түшүнүктөрдү адеп-ахлактык түшүнүктөр менен алмаштыруу, жалпыга милдетүү атеизм ж.б. идеологиялык басымдар кеңири орун алган.
3. Өткөн мезгилдеги педагогика илиминдеги идеологиялык чектөөлөргө байланыштуу советтик мектептин жана педагогика илиминин башка дүйнөлүк педагогикалык тажрыйба жана жалпы адамзатка тиешелүү гуманистик маданияттан алысташы же алардан ажырашы эсептелет.
Башка өнүккөн мамлекеттер менен болгон илимий педагогикалык байланыштар негизинен идеологиялык таймашка айланып, педагогикалык эмгектерде батыш педагогикасынын жетишкендиктерин чагылдырган маалыматтар жокко эсе болгон жана алар негизинен коендой окшош сын пикирлерден турган аныктамаларга жык толгон.
Ошол эле мезгилде чет элдик педагогика советтик педагогиканын жетишкендиктерин кеңири пайдаланып, советтик окумуштуулардын илимий-педагогикалык идеяларын импортоо кеңири орун алган. Мисалы, Батыш Германияда А.С.Макаренконун педагогикалык мурастарын изилдөө боюнча бүтүндөй бир илимий институт иштеген.
4. Илимий пайдубалды чылгый идеологиялык көрсөтмөлөр менен сугарылышы педагогика илиминдеги түшүнүктөрүн, педагогикалык ой жүгүртүүлөрдүн наркынын төмөндөшүнө алып келди. Натыйжада, нукура педагогикалык түшүнүктөр идеологиялык калыпка салынып, алардын илимий наркы кетти. Бул болсо билим берүү, окутуу тарбия процессин өсүп-өнүгүшүнө терс таасирин тийгизбей койгон жок. Андай терс көрүнүштөрдүн ичине социалистик педагогикада калыптанып калган таалим - тарбия ишмердүүлүнүн негизги үлгүлөрү катары төмөндөгүлөр кирет:
- окуучу педагогикалык таасир тийгизүүчү объект, ал эми мугалим башкаруучу бийликтердин түздөн-түз көрсөтмөлөрүн аткаруучу кызматкер;
- педагогикалык процесстин катышуучулары (мугалим жана окуучу) өздөрүнө гана тиешелүү үстүртөдөн чектелген ролдорду (милдетти) аткарууга тийиш, андай болбосо, ал адамдар педагогикалык нормативдерди бузган болуп эсептелинген жана керек болсо жарамсыз катары иштен четтетилген;
- тарбиянын натыйжалуулугу жалаң гана окуучунун тышкы жүрүм – туруму, тартиптүүлүгү, аткаруучулук тактыгы менен бааланып, ошол эле мезгилде анын ички дүйнөсү, мүдөөсү, кызыкчылыгы, чыгармачылык дарамети менен эсептешпөө салтка айланган;
- педагогиалык карым-катнашта бир тараптуу түздөн-түз жана оперативдүү башкаруу иш-аракети күч алып, натыйжада чыгармачылыкка, эрежеден тышкары ишмердүүлүккө, өз алдынчалыкка шыктандыруучу өбөлгө түзүлбөгөн;
- негизги таалим-тарбия иштери орто окуган окуучуга багытталып, анын натыйжасында жакшы жетишкен жана начар окуган балдар педагогикалык таасирлерден сырткары калышы ж.б.;
Аталган көрүнүштөр жана окуучу менен мугалимдин ортосундагы кызматаштыктын үлгүлөрү педагогикалык процесстин эң негизги маңызынын жана максатынын бузулушу же бурмалануусу тууралуу кабар берип турат.
5. Өз мекендештерибиздин педагогика илимине таалим-тарбия тажрыйбасына кошкон салымдары жокко чыгарылып, алардын жетишкендиктери оозго алынбай көмүскөдө кала берген. Алсак, көп жылдар бою И.Арабаевдин, К.Тыныстановдун, Т.Саманчиндин ж.б.лардын кыргыз мектебинин өсүп-өнүгүшүнө, жалпы эле педагогика илимине кошкон салымы басмырланып келген;
Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларга болгон салкын, кайдыгер көз караштын натыйжасында көптөгөн алдыңкы мугалимдердин жетишкендиктери изилденбей, тескерисинче аларга болгон сын пикирлер күч алып, алардын тажрыйбасын кеңири жайылтууга бөгөт коюлуп жатты. Мисалга алсак, Донецкилик жаңычыл –педагог В.Ф. Шаталовдун таяныч конспектилер менен окутуусу методикасы баарыга белгилүү эң жөнөкөй колдонмо катары бааланып көптөгөн сын пикирлерге дуушар болду. Ошол эле мезгилде Л.В. Занков, А.А. Смирновдор өздөрүнүн илимий эмгектеринде таяныч сигналдарын пайдалануу менен ассоциативдик (байланыштуулук) образдарды жаратууга жана логикалык эске тутууну камсыз кылууга боло тургандыгын далилдеп жатышты.
Жогорудагы кризистик көрүнүштөрдү белгилөө менен алалдан кризистен чыгуу жолдоруна да кыскача токтоло кетмекчибиз. Учурдагы кризистен чыгуунун эң негизги багыты болуп жалпы таалим–тарбия процессинин методологиялык негиздерин аныктоо жана анын ичинде тарбиянын (социалдык маанисинде) негизги максатын тактоо эсептелет. Ошондой эле учурдагы коомдук–экономикалык абалды эсепке алуу менен айрым педагогикалык түшүнүктөргө болгон идеологиялык басымдан (таптык көз караштан, партиялуулук принциптен) алыстоо эсептелет. Тескрисинче таалим-тарбия процессинде жалпы адамзаттык баалуулуктардын үстөмдүүлүгүн күчөтүү, тарбия иштерин тарыхый-маданияттын ажырагыс бөлүгү катары түшүнүү зарылчылдыгы туулат. Улуттук жана жалпы адамзаттык адеп – ахлак көрүнүштөр арасындагы өз ара диалектикалык байланыштарды эсепке алуу менен, тарбиянын жеке инсанга багытталган моделин чыңдоо, таалим-тарбия процессинин өз ара субъективдүү, көп кырдуу процесс экендиги менен эсептешүү сыяктуу жоболор жана сунуштар менен байытуу айныксыз иш болуп саналат.
Аталган чаралар менен бирдикте турган жана кризистен чыгуунун дагы бир эң орчундуу шарты болуп педагогикалык процессти демократиялаштыруу жана аны гуманизациялаштыруу эсептелет.
Педагогикалык процессте демократияны жана гумандуулукту жайылтуунун маңызын таалим-тарбия процессинен авторитардык ыкмалардан арылуу менен, инсандын жеке керт башынын баалуулугун жана ошол инсандын өсүп–өнүгүшүнө шарт түзүү дегендик деп түшүнүү зарыл. Тактап айтканда, байыркы грек тилинен алынган демократия деген түшүнүк «башкаруунун элдик формасы», эл эң жогорку бийликке ээ жана ал бийликти өзү же өзүнүн эркин шайлоо системасында шайланган өкүлдөрү аркылуу ишке ашырат дегенди билдирет. Бирок азыркы учурда демократия түшүнүгүн адам укугунун эркиндиги, адам эмгек эркиндиги, билим жолун тандоо эркиндиги жана башка ушул сыяктуу адамдын өз турмуш жолун тандоо эркиндиги менен тыкыз байланышта деп түшүндүрүү туура болот.
Педагогикалык мааниде алып караганда демократия таалим-тарбия процессиндеги мугалим менен окуучунун, окуу-тарбия мекемелеринин, ата-энелердин, балдарды окутуп, билим берүүдөгү, аларды тарбиялоо жолдорун эркин тандоо мүмкүнчүлүгү менен терең байланышта турат. Андан ары тереңдеп караганда демократия адамдын адеп-ахлак, жүрүм-турум эркиндиги менен тыгыз байланыштуу. Бирок демократиянын аталган эркиндик мүмкүнчүлүктөрү коомчулуктун, башкача айтканда бизди курчап турган башка адамдардын ар намысына, парасатына, наркына шек келтирбөө талабы менен чектелет. Башкача айтканда, жеке инсандын эркиндик кызыкчылыгы менен ал жашаган коомдогу адамдардын ортосундагы демократиялык тең салмактуулуктун сакталышын билдирет десек туура болот.
Жалпылап айтканда бүгүнкү күндөгү педагогикалык, таалим-тарбия процесси муктаж болгон демократиялык талаптарды төмөнкүчө мүнөздөсө болот:
- окуу жайлардагы, таалим тарбия процессине катышкан субъектилер (мугалимдер, окуучулар, ата-энелер ж.б.) арасындагы мамилелердеги, карым-катнаштарды башкарууда демократиялык принциптердин орун алышы жана күчөшү;
- өз ара педагогикалык кызматташтыктын күчөшү жана ага байланыштуу педагогикалык процесстин катышуучулары арасындагы мамилелердин демократиялык принциптердин өнүгүшү;
- авторитардык мамилелердин жоюлушу жана бир тараптын (мугалимдин) экинчи тарапка (окуучуга) болгон үстөмдүк мамилесинин өзгөрүшү;
- билим алуунун, окуунун альтернативдүү (формалдуу жана формалдуу эмес) түрлөрүн, башкача айтканда ар кандай башка жолдорун тандоо мүмкүнчүлүгүнүн кеңири жайылышы;
- окуу процессинин, билимдин мазмунунун көп кырдуу болушу жана аларды тандоо мүмкүнчүлүгүнүн кеңейиши ж.б.
Психологиялык жактан алып караганда педагогикалык процессти демократиялаштыруунун маңызын окуу-тарбия процессине катышкан субъектилердин ортосундагы бир тараптын экинчи тарапка болгон көз карандылыктан арылып, инсанга болгон ишенимдин, күчөшү, анын керт башынын өзгөчөлүгүн таануу жана аны сыйлоо дегендикке жатат. Мындай учурда мугалим жалаң гана билим бере билген эч кандай кынтыксыз «туура» инсанды тарбиялоочу гана болбостон, кызыктуу жана тажрыйбалуу улуу ага-эжеге, керек болсо жолдошко, насаатчыга айланып, анын балдар менен менен сабак учурунда гана эмес сабактан, мектептен, тышкары убактадагы баарлашууга, маектешүүгө дилгир, жакын жана сыйлуу адамга айланышы керек.
Учурдагы педагогикалык кризистен чыгуунун дагы бир орчундуу багыты болуп таалим-тарбия процессине гуманистик идеяларды жайылтуу жана окуу – тарбия процессинин мазмунун гумандаштыруу эсептелет. «Гуманизм» түшүнүгү философия жана педагогика илиминде өтө кеңири пайдалангандыктан анын так маанисин берүү айрым учурда өтө чоң татаалдыкты туудурат. Мисалы, С.А. Смирновдун «Педагогика: педагогикалык теориялар, системалар, технологиялар» деген китебинде (М., 1999 ж.30 бет.) «...гуманизм түшүнүгүнүн эң оболу оң мааниде колдонула тургандыгын», баса белгиленет. Демек, латындын humanitas деген сөзү адамга болгон сый, урмат, камкордук, аяр мамилелерди билдирген философиялык ой-пикирлердин жыйындысы болуп эсептелет.
Ошентип, жалпы адамзатка тиешелүү баалуулук идеяларынын өзөгүн түзгөн гуманизм түшүнүгү өзүнүн ичине эркиндик жана акыйкаттык, адамдын инсандык абройун сыйлоо, эмгекти сүйүү, теңдик жана бир туугандык, коллективдүүлүк жана эл достугу, сабырдуулук жана айкөлдүк сыяктуу нарктар менен чектеш келет. Бирок, барып-келип эле жалпылап айтканда гуманизмдин эң негизги маңызын, адамдын инсандык парасаты, абройу, өзгөчөлүгү, ички дүйнөсүнүн эркиндиги, башка адамдар менен тең укуктуулугу менен эсептешүү аркылуу мамиле түзүп, иш алып баруу дегендикке жатат.
Педагогикалык жактан алып караганда гумандуулуктун маңызын дагы ошол педагогиканын эң негизги предмети болуп эсептелинген тарбиялануучунун-баланын инсандык жекече мүмкүнчүлүктөрүн сыйлоо, алар менен эсептешүү, анын табигый мүмкүнчүлүктөрүнүн ачылышына жана өсүп-өнүгүшүнө шарт түзүү дегендикти билдирет.