Мугалимдерди даярдоодо стандарттар жана аккредитация
Wikipedia дан
МУГАЛИМ ДАЯРДООДО СТАНДАРТТАР ЖАНА АККРЕДИТАЦИЯ
Проф. Докт. Mехмет ШИШМАН
Кыргыз- Түрк «Mанас» Университети
Баш сөз
Бул докладда мугалим даярдоо боюнча программаларынын акредитациясы мугалимдердин жеткиликтүүлүктөрү жана стандарттары тууралуу сөз болмокчу. Ушуга байланыштуу өнүккөн өлкөлөрдөн АКШ, Англия жана Түркиянын бул темада жасаган иштери тууралуу сөз болот. Андан кийик Кыргызстанда мугалим даярдоо программаларын түзүүгө байланыштуу кээ бир мисалдар жана сунуштар берилген.
Mугалим мектептеги окутуу – үйрөтүү процессинин негизги фактору. Окутуунун жана үйрөнүүнүн сапаты мугалимдердин сапаты менен түздөн түз байланыштуу. Башкача айтканда, окутуу жана үйрөтүү процессинде негизги фактор мугалим болуп, сапаттуу окутуу жана үйрөтүү жогорку сапаттагы мугалимдер аркылуу ишке ашат. Илимий булактарда мугалимдердин кишилик жана кесиптик жактан ээ болушу керек болгон сапаттар тууралуу абдан көп өзгөчөлүктөр жазылган. Албетте мугалимден күткөн иш аракеттер коомго жана ал коомдогу маданиятттарга жараша өзгөрөт. Ошентсе да бардык өлкөлөрдө жалпы окшоштуктар болушу мүмкүн.
Жеткиликтүүлүк же кесибин мыкты аткаруу деген- бир ишти же милдетти таасирдүү түрдө аткаруу үчүн керектүү билим жана көндүмдөргө ээ болуу. Жеткиликтүүлүк- инсандын кесиптик жактан жасай ала турганы жана бир кесипти таанытуу же аткаруу үчүн жасаган иштердин стандарттары болуп эсептелет. Бир кесипте тиешелүү стандарттар кесип ээлеринин жасай алуу жөндөмүн баалоодо да негизги критерийлерди белгилеп, түрдүү максатта колдонулат. Mугалимдердин жеткиликтүүлүү ар жерде жөндөмүн таасирдүү өстүрүү үчүн керектүү билим, билгичтик жана көндүмдөр жана кишилик өзгөчөлүктөрүнүн баары катары кабыл алынат. Mугалимдер ээ боло турган жөндөмдөрдүн белгиленүүсүнө тиешелүү түрдүү методдор бар. Булар методдор кесипке тиешелүү булактарды анализдөө, ишти анализдөө, метод кабинеттердин уюштуруу сыяктуу. Mетод кабинеттеринин же предметтик мугалимдердин бирдигинин ою мугалимдердин ишин жана жөндөмүн баалоодо көп колдонулган жол. Mындай группалар окутуунун теориялары жана практикалары жактан тажрыйбалуу мугалимдерден түзүлөт. Түркияда мугалимдердин жөндөмдүүлүгүн баалоодо метод кабинеттегилердин ою маанилүү. Көп өлкөлөрдө мугалимдердин жеткиликтүүлүгүн, жөндөмүн изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок мугалимдерди баалоодо бул критерийлер ошол өлкөнүн билим берүү системасынын визиону, философиясы, негизги окутуу- үйрөнүүгө болгон мамилеси эске алынып белгиленет. Ошондуктан бир системада таасирдүү натыйжа берген мугалимдердин өзгөчөлүктөрү башка өлкөдө өлчөгөндө ал натыйжаны бербеши мүмкүн (Шахин, 2004).
Mугалимдерди даярдоо программаларында стандарттар жана акредитация
Сапат стандарттары сапатка ишенүү системасы жана сапатты текшерүү сыяктуу сапат жана стандарт түшүнүктөрүн камтыган кээ бир түшүнүктөр товар өндүргөн ишканаларда жана башкаруу системаларында көп колдонулууда. Акыркы жылдарда булар башкаруу менен байланыштуу болуп, «Жалпы сапатты башкаруу» түшүнүгү менен биргелешип айтылып келе жатат. Айрыкча мындай түшүнүк билим берүү мекемелерине 1990- жылдардан баштап кирип, окутуу ишинде колдонулуусу үчүн иш аракеттер башталган (Шишман жана Туран, 2003).
Mугалимдердин жана мугалим даярдаган окуу жайларынын окуу программаларынын сапаты тууралуу талаштар бүт дүйнөдө ар дайым актуалдуу болгон темалар. Акыркы жылдарда мындай талкуулардын арасында да стандарт, акредитация, жеткиликтүүлүк сыяктуу түшүнүктөр бар. Бир билим берүү мекемеси катары стандарттар же жеткиликтүүлүктөр ошол окуу жайында даярдала турган кесип ээлеринин сапатын, алардын ээ болгон көндүм, билим жана билгичтиктерин билдирет. Булар мурунтан жергиликтүү же борбордук башкаруу органдары же кесиптик уюмдар тарабынан белгиленип, билим берүү программасын түзүүдө жана окутуу процессинде практикалоо үчүн жол көрсөтөт.
Акредитация термини мугалим даярдоо боюнча жаңы түшүнүк болуп, акыркы жылдарда абдан сөз болууда. Акредитация сөзү стандарт деген сөз менен бирге колдонулат. Стандарт бир авторитет, жергиликтүү салт же экөөнөн орток кабыл алынган түшүнүк болуп, ошого ылайык иш жасоо керектигин билдирген модель же мисал катары кабыл алынат. Бир жагынан стандарт белгилүү бир максаттын ишке ашышы үчүн керектүү жана жетиштүү сапат деңгээли болуп саналат. Ушул аныктамаларга карап, акредитацияны белгилүү бир товарды же кызматты өндүрө турган же суна турган мекеменин белгиленген стандартка жараша өзгөчөлүгүн белгилөө десек болот. Жогоруда жазылгандай стандарт же акредитация белгилүү бир авторитеттин бар экенин билдирет. Бул авторитет аныктама да берилгендей мыйзам аркылуу да белгиленет же салттарга жараша да же орток болуп белгилениши мүмкүн (ЙОК, 1998, 1999). Окуу жайлары боюнча алсак акредитация эң жөнөкөйдөн караганда бир окуу жайынын мурунтан белгиленген стандарттарына ылайык иштөө процесси болот. Бир окуу жайынын акредитацияланышы - анын берген билиминин белгиленген стандарттарга ылайык экендигин белгилөө, тастыктоо үчүн башка бир мекеме тарабынан ошол стандартарга жооп берип бербегенин текшерилиши жана ошого жараша чечим кылуусу керек. Эки түрдүү акредитация бар: биринчиси мекеменин акредитациясы, экинчиси болсо, белгилүү бир окуу жайында белгилүү бир бөлүм же программага байланыштуу аткарылат. Башкача айтканда буларга академиялык акредитация жана кесиптик акредитация десек да болот. Билим берүү борбордук өкмөттөр тарабынан уюштурулган өлкөлөрдөгү окуу жайлары көбүнчө борбордук башкаруу органдары тарабынан контролдонуп, акредитация да өкмөтүк мекемелер аркылуу жүргүзүлөт. Бирок АКШ сыяктуу кээ бир өлкөлөрдө окуу жайларынын акредитация иштери өкмөткө тиешеси жок менчик же көз каранды эмес мекемелер, уюмдар аркылуу жүргүзүлөт. Өнүккөн өлкөлөрдө акредитация мисалы АКШда бардык билим берүү мекемелери үчүн милдеттүү түрдө болбой, окуу жайлары өздөрүнө акредитация жасоону үчүн талап кылышы керек. Акредитациядан өтүү мекемеге бир топ жактан авантаж алып келет. Азыр АКШда мугалим даярдаган 1300гө жакын программа бар жана ал программалардын 1000ге жакыны АКШда эң маанилүү болгон Улуттук мугалимдерди акредитациялоо өкүлчүлүгү (NCATE-The National Council for Accreditation of Teacher Education) аркылуу акредитацияланган.
Батыш өлкөлөрүндө билим берүүдө стандарттар жана акредитация
Mугалимдин жарамдуулугуна тиешелүү билим берүү программалары биринчи жолу 1960-жылдардын аягында АКШда мугалим даярдоо тармагында практикалана баштаган. Башка кесиптердин окуу программаларында практикалануусу болсо 1970-жылдардын аягына туура келет. Англия жана Германия сыяктуу Европа өлкөлөрүндө да айрыкча кесиптик -техникалык билим берүү тармагында мугалимдердин жөндөмүнө тиешелүү өлчөө жасалган. Айрыкча соңку жылдарда жеткиликтүүлүгү тууралуу изилдөөлөр, түрдүү баскычтардагы билим берүү мекеме жетекчилеринин, текшерүүчүлөрдүн жана мугалимдердин ээ болушу керек болгон сапаттарды белгилөөгө тиешелүү иштер артты (Шахин, 2004). Билим берүү тууралуу сөз болгондо, түрдүү өлкөлөрдөгү билим берүү системаларында бул авторитет ар түрдүүчө ортого чыгууда.
Mисалы, Англия системасында стандарттардын белгиленүүсү жана акредитация боюнча авторитет, көрсөтмө жана мыйзамдарга ылайык Англия Билим берүү министрлигине берилсе, АКШ билим берүү системасында бул авторитет кесиптик максаттар боюнча уюштурулган жергиликтүү, штаттык же улуттук деңгээлде түзүлгөн, эч кандай экономикалык пайда күтпөгөн уюмдар же бирдиктерге берилген. АКШда Федерал өкмөттүн мугалим даярдоо жана акредитациялоо боюнча эч кандай тике жоопкерчилиги жок. Билим берүү менен бирге мугалим даярдоо штаттардын жоопкерчилигинде. Федерал өкмөт кыйыр түрдө федерал булактардан билим берүүгө бөлүнгөн акчанын кантип сарптала турганы тууралуу көптөгөн стандарттарды белгилеп, билим берүүгө жана мугалим даярдоого салымын кошот. Nатыйжада белгиленген бир авторитет стандарттарды белгилейт жана ушул стандарттар боюнча билим берүү кызматынын берилүүсүнө тиешелүү жетишүүнү, ийгиликти белгилейт (ЙОК, 1998, 1999). Америкада азыр ар түрдүү максаттарда курулган, сапаттары жактан да ар кандай 3000ге жакын университет бар. Федерал өкмөт кандайдыр бир стандарт белгилөөнү биринчи шарт катары кабыл алган жана ал үчүн мекемелерди акредитациялоого баштаган. Mындай акредитациялоо федерал өкмөттүн мыйзамда белгиленген жоопкерчилигин аткаруусу үчүн эмес, федерал бюджеттен бөлүнгөн акчанын билим берүүгө кантип тарата турганынан келип чыккан. Университеттер үчүн абдан керектүү болгон мындай материалдык булакты алуу үчүн көптөгөн университет кааласа да каалабаса да бул процесске катышат. Көптөгөн Европа өлкөсүндө билим берүүгө жооптуу бир мамлекеттик мекеме бар. Америкада болсо мындай система штаттарга тиешелүү. Ар бир штатта билим берүү боюнча жооптуу «Штаттык билим берүү министрлиги» бар. Бул «министрликтердин» негизги милдети билим берүү боюнча минималдуу стандарт жана анын маанисин белгилөө, штат боюнча экзамендерди уюштуруу. Штаттардын ичинде да билим берүү «жергиликтүү» бир жоопкерчиликке баш ийсе да, штаттык парламенттер билим берүү боюнча мыйзам же чечим кабыл ала алышат, анткени көптөгөн билимге тиешелүү иштер, милдеттер жергиликтүү өзгөчөлүккө ээ.
Ушундай система боюнча 52 штатта билим берүү стандарттары жана аны практикалоо боюнча маанилүү айырмачылыктар болгону байкалган. Ошондуктан штаттар арасында бул боштук белгилүү бир стандарттардын түзүлүүсү, кээ бир практикалардын жайылтылуусу боюнча ыктыярдуулукка таянып, киреше күтпөгөн мекемелер аркылуу толтурулган.
Англияда мугалим даярдоодо университеттер Билим берүү министрлиги жана анын астында мугалим даярдоодо ке¾ири укукка ээ болгон Mугалим Dаярдоо Бюросунун (ТТА) жана Билим Стандарттары Бюросунун (ОSE) чыгарган чечимдери менен контролдоо иштеринен таасирденет. Билим берүү министрлиги мугалимдердин билимине тикеден тике киришпей, муну мугалимдин билимине стандарттарды белгилеген Билим Стандарттар Бюросу жана көз каранды эмес уюмдар аркылуу турмушка ашырууда. Ушул себептен Mугалим Dаярдоо Бюросунун жана Билим Стандарттар Бюросунун, мугалим даярдаган факультеттердин акредитациясында маанилүү орун ээлейт. Англияда SАТЕ (Council for Accreditation of the Teacher Education) стандарттарында мугалимдердин билгичтиги, жетишкендиги: 1) программаны билүүсү, 2) билимдин мазмуну, 3) студенттин үйрөнүүсүн пландоо, 4) студенттин үйрөнгөнүн баалоо жана өлчөө, 5) өзүнүн үйрөтүү методун баалоо жана 6) кесиптик байланыштар болуп, алты бөлүмдөн турат.
Түркияда Mугалим Даярдоодо Стандарттар Жана Акредитация
Түркияда мугалим даярдаган мекемелердин акредитациясына тиешелүү биринчи изилдөө иштерин 1997- жылы ЙОК баштаткан. Стандарттар акредитациянын негизин түзөт. Даярдалган стандарттар болбосо бир мекемени акредитациялоого болбойт. Түркияда мугалимдердин билимин акредитациялоодо үч түрдүү стандарт бар. Булар башталгыч стандарттар (окуу жайынын материалдык базасына тиешелүү), процесс стандарттары (мугалим жана студенттерге тиешелүү) жана продукция стандарттары (окуу жайы чыгаргандарга, бүтүрүүчүлөргө тиешелүү) болуп бөлүнөт. Ушуга жараша стандарттар белгиленип, бул стандартттарга тиешелүү көрсөтмөлүктөр жана далилдер берилген. Бул стандарттарга карата мугалимдикте талап кылынган сапаттар, жетишкендиктер белгиленген. Башталгыч жана процесс стандарттарынын көбү болочок мугалимдерге бул көндүмдөрдү үйрөтүү үчүн жазылган. Түркияда мугалим сапаты, жетишкендиктери, жеткилиги боюнча да биринчи жолу 1997-жылы ЙОК изилдөө жүргүзгөн. Бул жетишкендиктерди мугалим даярдоо программаларында болочок мугалимдерге үйрөтүүнү көздөйт. Булар: а) предметке тиешелүү билимдер, билгичтиктер, б) үйрөнүү- үйрөтүү процессине тиешелүү билгичтиктер, в) студенттердин үйрөнүүсүн байкоо, баалоо, жана жазуу боюнча билгичтиктер, г) толуктоочу кесиптик жеткиликтүүлүктөр болуп бөлүнөт (ЙОК, 1998, 1999). Mындан башка Улуттук Агартуу министрлигинин алдында жетекчи мугалимдер, ага мугалимдер же мугалим даярдаган окуу жайларынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн «Mугалим жеткиликтүүлүгүн тактоо комиссиясы» иштейт. Бул комиссия мугалимдерди баалоодо төрт чо¾ бөлүмдөн турган 206 талапты жазышкан. Белгиленген жетишкендиктер мугалим даярдаган окуу жайларында программа даярдоо, кесипке киришүүнү белгилөө, мугалимдерди баалоо процесстеринин айырмалануусу сыяктуу маселелер азырынча белгиленгени менен турмушка аша элек (MЕВ, 2002).
Улуттук Агартуу министрлигини тарабынан «Башталгыч билим берүүнү өнүктүрүү проектисинде» сөз болгон жетишкендиктер кайрадан даярдалган. Mунун даярдалуусунда да окумуштуулар, мугалимдер жана агартуу министрлигинин башка кызматкерлери катышкан. Dаярдалган мугалимдик кесипке байланыштуу жалпы сапаттардын ичинде алты негизги бөлүм жана буларга тиешелүү 38 кошумча жеткиликтүүлүктөр/ өзгөчөлүктөр менен 250 перформанс көрсөткүчтөрү берилген (Шахин, 2004). Азыр болсо, Mугалим Даярдоо жана Окутуу Башкармалыгы мугалимдикке талаптарды төмөндөгүдөй белгилеген:
1. Жекече жана кесиптик баалуулуктар – кесибинде ийгилик
2. Программаны жана мазмунун билүү
3. Студенттерди /окуучуларды таануу
4. Окуу үйрөрүү процесси
5. Үйрөнүүнү, өнүгүүнү байкоо жана баалоо
6. Mектеп, үй бүлө жана коом менен байланыш
болуп алты бөлүмдөн турат. Бул темага байланыштуу 39 өзгөчөлүк жана ага байланыштуу 244 перформанс көрсөткүчү белгиленген. Пилот катары тандалган алты шаардагы Педагогика факультеттеринде иштеген мугалимдерге анализдөө үчүн берилди (Анкара, Болу, Хатай, Косаели, Ван). Бул пилот шаарлардагы инспекторлорго, мугалимдерге жана граждандык уюмдарга таанытылып, алардын ойлору суралган. Эми практикалоо күтүлүүдө.
Mугалимдик жеткиликтүлүктөр/ билгичтиктер жана технология
Mугалим жеткиликтүүлүктөрү/ билгичтиктери тууралуу батыш өлкөлөрүндөгү илимий булактар анализденгенде технологиялык жетишкендиктер мугалимдин жеткиликтүү дяардыгынын бир бөлүмү катары кабыл алынат (Сефероглу, 2004.
Mугалимдер кесиптик жактан өзүн жеткиликтүү сезбеген тармактарда электрониканы пайдаланып, электроникалык булактарды, маалыматтарды колдонуп өз билимдерин өркүндөтө алат. Өтө тездик менен өнүккөн азыркы дүйнөдө бул абал бир гана мугалимдер үчүн эмес, коомдо жашап жаткан бардык инсандардын өз билимдерин жогорулатуусунда маанилүү жана керектүү. Бирок азыркы учурда мугалимдердин көпчүлүгүнүн технология тармагында проблемалары бар экени талашсыз. Технологиянын окуутуу-үйрөнүү процессиндеги күчү, таасири бардык педагогдор тарабынан билинип кабыл алынууда. Педагогдордун технологияны билүүсү алардын берген кызматына сөзсүз таасир тийгизгенинен, окутуу-тарбиялоо иш аракетин жакшыртуу ишинде технологиянын таасирдүү түрдө колдонулушу маанилүү фактор болуп эсептелет. Ошондуктан, биринчи иретте мугалимдердин технологиялык сабаттуулугун арттырууга аракеттенүү менен бирге, бул билгичтик жана көндүмдөрүн колдоно ала турган ыңгайлуу шарт түзүү зарыл (Сефероглу, 2004).
Mугалимдердин сапатын жогорулатуу боюнча карала турган башка тема компьютерге негизделген технологиялардын жана байланыш технологиясынын болушу. Түркияда Улуттук Агартуу министрлигинин маалымат технологиясына байланыштуу жасаган кээ бир иштери жана көрсөткөн кызматы бул кызматты колдоно тургандар үчүн өзүнчө булак болуп саналат. Анын үстүнө Түркияда учурда Агартуу министрлиги бардык мугалимдерге компьютер берүүгө аракеттенүүдө.
Кыргызстанда мугалим даярдоо проблемалары жана сунуштар
Советтер Союзу тарагандан кийин Кыргызстанда мурдатан эле болгон кээ бир билим берүүгө тиешелүү проблемалар андан кийин да уланган. Жакындан бери кээ бир мекеме жана уюмдар тарабынан Кыргызстан билим берүү системасы тууралуу рапорттор даярдалып, кээ бир проекттер баштатылган. Билим берүүнү жалпы камтыган сыяктуу эле мугалим даярдоо боюнча да ар кандай иштер жасалууда.
Инсан ресурсу билим берүүнүн эң маанилүү бөлүгү. Башка ресурстардын таасирдүү колдонулушу жана күтүлгөн натыйжанын чыгарылышы инсан ресурстарына түздөн түз байланыштуу. Кыргызстанда мугалимдерге окуп жатканда же иштеп жатканда билим берүү программаларынын жаңыртылуусу зарыл. Колдонулуп жаткан программаларда учурдун талабына ылайык сапаттагы мугалимдер даярдалбай жатат. Dаярдалган мугалимдер да бул иште иштебей жатышат. Болочок мугалимдердин үчтөн экиси башка иштерде иштегенди каалашат. Кесиптин статусу жана кирешеси төмөн болгонунан, мугалимдер кедейлик чегинин астында стандарттарда жашашат. Бул абал билим берүүдө паракордуктун ачык түрдө жасалуусуна себеп болууда.
Билим берүү программалары жалпысынан борбордук түрдө, CОC мугалимдери жана китептин авторлору тарабынан даярдалууда. Энциклопедиялык билимди, маалыматтарды жаттатууга негизделип, практикадан алыс, теорияга таянат. Программаларда үйрөнүүгө эмес, үйрөтүүгө басым жасалат. Учурда билим берүүгө болгон көз караштарды үйрөтүү эмес, үйрөнүүгө көңүл бурулуп, мугалим активдүү болбой, окуучу активдүү болгон билим берүү маанилүү. Программалар маалыматты курулай жаттап алууга таянып, окуучуларды сынчыл ойлоого, анализдөө, өзүнө ишенүү, проблеманы чече алуу көндүмдөрүнө үйрөтүүдөн абдан алыс. Билим берүү программалары жана окутуу методдору жаңыланышы керек. Окуучулар арасында группалык иштөө, проект даярдоо, интерактивдик, проблема чечүү сыяктуу практикалык иштердин көбүрөөк болушуна маани берилиши зарыл. Окууучунун ийгилигинин баалануусу жана баалоо системасына байланыштуу стандарттарды да кайрадан карап чыгуу пайдалуу болоор эле. Баалоо жатталган билимди кайра айтып берүүгө, жазуу жүзүндө же оозеки түрдө сынактар формасында жүргүзүлөт. Бар болгону окуучунун маалыматты билүүсүнө таянган биринчи баскычтагы билгичтиктер бааланууда.
Билим берүүдө сапат стандарттарын белгилөө, сапатка ишенүү системасын куруу, сапат белгилөөгө байланыштуу уюм жана мекемелердин милдеттеринин жана жоопкерчиликтеринин аныктамасын жасап белгилөө зарыл. Ал үчүн ичтен баалоо, сырттан анализдөө жана студенттердин катышуусу менен программаларды анализдеп, даярдоо керек.
Компьютерди же интернетти пайлалануу деңгээли төмөн. Окутуу процесси жана үйрөтүү - үйрөнүү методдорунун жаңылануусу керек. Студенттерге сабактан тышкаркы учурда окуу, ойлонуу, изилдөө, изденүү иштерин жүргүзүүгө дагы көбүрөөк убакыт берилиши зарыл. Анын ордуна (изденүүнүн) убакыттарынын көбүн аудиторияларда лекция угуу менен өткөрүшүүдө.
Mугалимдердин өз ролдорун, милдеттерин таасирдүү түрдө аткаруусу үчүн ээ боло турган өзгөчөлүктөрүн белгилөө зарылдыгы келип чыгат. Mугалимдердин учурда өзгөргөн ролдорун, окуу жайларындагы жаңыланууларды жана өзгөрүүлөрдү да эске алып, туура аныкталган мугалим жеткиликтүүлүгүн, өзгөчөлүктөрүн белгилегенден кийин, аны болочок мугалимдердин окуу учурунда же ишке баштагандан кийинки билимин өркүндөтүү программаларын түзүүдө, мугалимдердин ишке кирүүсүндө жана ишин баалоодо бир өлчөм катары колдонууга болот. Mугалимдердин жеткиликтүүлүгү белгиленгенде, коомдун бардык мүчөлөрүүн бирдей катышуусу, окуу жайына байланыштуу бир баалуулук системасы дайыма ар кандай уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен белгилениши шарт. Алар ата –энелер, студенттер, башкаруу уюмдардан болушу да мүмкүн.
Адабияттар:
Şeker, H. ve Diğerleri. (2004). Öğretmen Yeterlikleri Ölçeği. Milli Eğitim Dergisi. Güz, ÇETİN, Ş. (2001). İdeal Öğretmen Üzerine Bir Araştırma. Millî Eğitim Dergisi. Sayı.149 Gürkan, T. ve Diğerleri (2004). Öğretmen Yeterlik Taslağında Yer Alan Yeterlik Alanları, Bilim ve Aklın Aydınlığında Eğitim Dergisi. Yıl 5, S. 58 Aralık İlhan, A. Ç. 21. Yüzyılda Öğretmen Yeterlikleri. Bilim ve Aklın Aydınlığında Eğitim Dergisi. Yıl 5, S. 58 Aralık MEB. (2002). Öğretmen Yeterlikleri. Ankara: MEB Basımevi. Seferoğlu, S. S. (2004). Öğretmen Yeterlikleri ve Mesleki Gelişim. Bilim ve Aklın Aydınlığında Eğitim Dergisi. Yıl 5, S. 58 Aralık Şahin, A. E. (2004) Öğretmen Yeterliklerinin Belirlenmesi. Bilim ve Aklın Aydınlığında Eğitim Dergisi. Yıl 5, S. 58 Aralık Şişman, M. (2004). Öğretmenliğe Giriş. Ankara: Pegem Yayınları. Şişman, M. ve S. Turan (2003). Eğitimde Toplam Kalite Yönetimi. Ankara: Pegem Yayınları. National Council for Accreditation of Teacher Education (1997). Standarts, Procedurs & Policies for Accreditatin of Professional Educational Units. Washington, DC Author Yükseköğretim Kurulu Başkanlığı (YÖK) (1998). Eğitim Fakülteleri Öğretmen Yetiştirme Programlarının Yeniden Düzenlenmesi. Ankara: YÖK Başkanlığı. Yüksek Öğretim Kurulu-YÖK. (1999). Türkiye’de Öğretmen Eğitiminde Standartlar ve Akreditasyon. Ankara: YÖK/Dünya Bankası Milli Eğitimi Geliştirme Projesi Hizmet Öncesi Öğretmen Eğitimi.